Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.
Анын маалыматына караганда, бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталган, имарат 2 кабаттан туруп, 75 орунга ылайыкташтырылган.
Долбоорго ылайык, жаңы бакчада сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн атайын класстар, балдар үчүн ыңгайлуу уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар бар. Ашкана, ага кошо жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу кампа, санитардык түйүндөр каралган.
Мындан сырткары, медициналык кабинет жана музыкалык сабактар бөлмөсү бар. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн атайын жабдуулары менен оюн аянтчалары курулду.