“Барселона” франциялык ПСЖга 16 жаштагы Ламин Ямалды сатуудан баш тартты

“Барселона” франциялык ПСЖга 16 жаштагы Ламин Ямалды сатуудан баш тартты.

 

Каталондуктар Ямаль перспективдүү оюнчу болгондуктан, аны сатуу ойдо жок экенин белгилешти.

 

ПСЖ болсо жаш футболчу үчүн 250 миллион евро сунуштаган. Эгер келишим жетишилсе, бул футбол тарыхындагы эң кымбат трансфер болуп калмак. Кошумчалап кетсек, учурда кымбат трансфер Неймарга таандык, ал 2017-жылы “Барселонадан” ПСЖга 222 миллион еврого өткөн.