Лионель Месси карьерасында 800 гол киргизди

Аргентина курамасынын капитаны Лионель Месси карьерасында 800 гол киргизди. Мааракелик топ Панама командасынын дарбазасына болду. Эки курама достук беттештин алкагында жолугушкан.

 

Месси улуттук курамасы үчүн 99 гол, “Барселона” үчүн 672 гол жана ПСЖга 29 гол киргизди. Форвард мындай көрсөткүчкө жеткен экинчи оюнчу болду. Биринчи Криштиану Роналду болгон.