Барселонанын бийлиги шаарга кыска мөөнөтко келген коноктордон алынган салыкты көбөйтөт

Барселонанын бийлиги шаарга кыска мөөнөтко келген коноктордон алынган салыкты көбөйтөт. Калаа мэриясынан билдиришкендей, 1-октябрдан тарта 12 сааттан аз убакытка келген туристтер 4 евродон төлөйт.

 

Биринчи кезекте бул эреже круиз кемелеринин жүргүнчүлөрүнө тиешелүү. Мындай чара аркылуу Барселона туристтердин агымы менен күрөшүүнү көздөйт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.