Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун (эски багыт) Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ведомствонун маалыматына караганда, быйылкы жылдын титулдук тизмесине ылайык 3 чакырым, ал эми капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 4 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралып, план толугу менен аткарылды.
Жумуштар министрликке караштуу №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.