Баткен, Ош жанан Жалал-Абад облустарында июнда жүргөн селден 115 миллион сомго жолдор жана көпүрөлөр жабыркады

Баткен, Ош жанан Жалал-Абад облустарында июнда жүргөн селден 115 миллион сомго жолдор жана көпүрөлөр жабыркады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин унаа жолдору башкармалыгынын адиси Руслан Асаналиев билдирди.

 

Анын айтымында, Баткен облусунда бир көпүрө, Ошто 4, Жалал-Абадда  2 көпүрө жарактан чыккан.

 

Объектилерге толук реконструкция иштери талап кылынат. Селдин кесепеттерин жоюуга жол фондунун каражатынан 158,5 миллион сом бөлүндү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.