Кыргызстанда январь-февраль айларында орточо айлык 30 миң сомду түздү

Кыргызстанда январь-февраль айларында орточо айлык 30 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

 

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул көрсөткүч дээрлик 1,5 эсе көп. Маянынын жогорулашы искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында катталды, — деди Жумалиев.