Баткенде 5 жаштагы бала селге агып каза болду

Баткенде 5 жаштагы бала селге агып каза болду. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 70 жаштагы дагы бир тургун ооруканага жаткырылды.

 

Кечээ Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Мунун айынан учурда 1 миңден ашуун тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.

 

Табигый кырсыктан бир нече турак жай, социалдык обьектилер жабыркап, ички чарбалык жолдор жараксыз абалга кептелген.

 

Сел суулары 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.

 

24-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон районундагы үйлөргө да суу кирген. Ошондой эле Таластын Бакай-Ата районунда айыл чарба талаалары зыян тартып, айрым үйлөрдү суу каптады.