Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең окуяга тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды.
Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматы кечээ, дүйшөмбү күнү чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган.