Баткенде ири мунай заводу ишке кирет

Баткенде сентябрдын аягында ири мунай заводу ишке кирет.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, объект Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында жайгашкан. Анын пландаштырылган кайра иштетүү кубаттуулугу суткасына 500 тонна сырьену түзөт.

 

Бүгүнкү күндө курулуш иштери 90 пайыздан ашуун бүткөрүлдү. Учурда төрт мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат.

 

Инвестициянын жалпы суммасы 91 миллион долларды түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.