Кыргызфармация ишканасына 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражат дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алуулар максатында бөлүнүп берилди.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги алдындагы “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 31-мартта негизделген.