Баткенде жаңы көмүр кени иштетилип баштайт

Баткенде жаңы көмүр кени иштетилип баштайт.  “Дөгмөн” кени Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ормузан аймагында жайгашат. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кен расмий түрдө 30-августта ачылат.

 

Аны иштетүүгө жеке ишкер тарабынан 1,5 миллион доллар инвестиция салынган. Ишкана жылына 600 миң тонна көмүр өндүрөт деп күтүлүүдө. Кендин ишке кириши менен 120га чейин жумуш орду түзүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.