Баткендин 28 айылы таза суу менен камсыздалат

Баткендин 28 айылы таза суу менен камсыз болот.

 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул багытта Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен долбоор башталды. Анын жалпы баасы 48 млн долларды түзөт.

 

Белгилеп кетсек, долбоорго Ысык-Көл облусунан да үч айыл кирген. Каражаттын 50 пайызы үстөгү жок насыя, 50 пайызы грант.

 

Долбоорду 2024-2028-жылдар аралыгында бүткөрүү пландалган. Жыйынтыгында 100 миңден ашуун адам таза суу менен камсыздалат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.