Базар-Коргондун Арстанбап айылын каптаган сел 23 унаны агызып кетти

Базар-Коргондун Арстанбап айылын каптаган сел 23 унаны агызып кетти.

 

Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Андан тышкары, эки турак жайды, оорукананы, соода үйүн, беш көпүрөнү, бир чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган.

 

Жерине атайын техника жана куткаруучулар тартылды. Эске салсак, Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында нөшөрлүү жамгырдан улам колоттордон агып келген суу айылды каптаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.