Бир аз тыныгуудан кийин Кыргызстанда доллардын куну кайрадан көтөрүлүп баштады

Бир аз тыныгуудан кийин Кыргызстанда доллардын куну кайрадан көтөрүлүп баштады. Бир жума ичинде ал 60 тыйынга кымбаттады. Бүгүнкү күндө ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 87 сом 30 тыйындан сатып алып, кайра 87 сом 80 тыйындан сатышууда.

 

Белгилеп кетсек, февралдын башында Улуттук банк интервенция өткөргөн.

 

Эл аралык рынокко 47 миллион доллардан ашык чыгарылды. Бирок бул каржылык операция жыйынтык берген жок. Жума башында америкалык валютанын куну 87 сом 60 тыйындык чектен ашса, бүгүн эле дагы 20 тыйынга кымбаттады.