Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды

Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, казакстандык авиакомпания 16-июндан тарта Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткара баштады. Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. Каттам жумасына эки жолу — шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

 

Эске салсак, Астана-Бишкек-Астана авиакаттамы биринчи жолу 2023-жылы ачылган. Бирок ортодо кайра токтоп калган.