Бишкек – Ош унаа жолундагы туннелдерден өтүү үчүн алынчу төлөмдүн баасын көбөйтүү сунушталды

Бишкек – Ош унаа жолундагы туннелдерден өтүү үчүн алынчу төлөмдүн баасын көбөйтүү сунушталды. Унаа жана жолдор министрлигинин токтом долбоору талкууга чыгарылды.

 

Ага ылайык, жергиликтүү транспорт үчүн 50-300 сом, чет өлкөлүк же транзиттик унааларга 200-5 миң сом деп бекитүү сунушталып жатат. Баалар унаалардын түрүнө карап 6 категория менен аныкталат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, 2021-жылы Көлбаев туннелинен өтүү үчүн 117 миллион сом чогулган. Тарифтер көтөрүлсө, бул сумма 44 пайызга көбөйө турганы болжолдонууда.