Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эреже бузгандар дрондордун жардамы менен аныктала баштады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда дрондор Ысык-Көлгө бара жаткан жолду айланып өтүүчү трассада учуп жүрүшөт.
Техника катуу ылдамдыкта бараткан жана каршы тилкеге чыккан айдоочуларды жаздырып калат. Жолду бойлой бир жарым чакырымдан кийин инспекторлор тартип бузгандарды токтотуп, протокол түзүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.