Бишкек гарнизонунун 2 миң 500дөн ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү

Бишкек гарнизонунун 2 миң 500дөн ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү. Бул тууралуу ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

 

Тартип сакчылар мындай режимде 2-январга чейин иштейт. Жаңы жылдык майрам күндөрү оюн-зоок мекемелери менен киши көп топтолгон жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Коомдук тартипти сактоого милициянын бардык бөлүмдөрү тартылган.