Бишкек жана Чүйдөгү ишканаларга газ берүү убактылуу токтотулду

«Газпром Кыргызстан» биргелешкен компаниясы Бишкек шаары жана Чүй облусундагы ресторан, кафе, мончо жана өндүрүш үчүн жаратылыш газын пайдаланууга убактылуу чектөө киргизди.

Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы 19-январда «Азаттыкка» билдирди. Компания муну Казакстан аркылуу республиканын түндүгүн жаратылыш газы менен камсыз кылган магистралдык газ куурундагы басымдын азайгандыгы менен түшүндүрдү.

Биринчи кезекте калкты жана социалдык объектилерди (бала бакчалар, мектептер, жылуулук мекемелери) газ менен камсыз кылуу максатында ушундай чечим чыгарылганы белгиленген.

Маалыматта жыл башынан бери өлкөдө бардык категориядагы керектөөчүлөргө газ берүү 35% көбөйгөнү айтылат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-январда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, Кыргызстанда газ маселеси чечилмейинче, электр энергиясын өчүрүүлөр боло берерин билдирген. Министр электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү газ басымынын азайышы менен байланыштуу экенин да айткан.