Бишкек жана Чүйдө жакынкы бир саатта катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

«Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.