“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолунда аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.