Бишкек ЖЭБинде эки энергетикалык блок оңдолууда

Бишкек ЖЭБинин №3 жана №4 энергетикалык блокторуна капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында аткарылууда.

 

Белгиленгендей, энергетикалык блоктор жети жыл бою тынымсыз иштеген. Ушуга байланыштуу алардын долбоордук кубаттуулугу 200 МВт чейин төмөндөгөн. Ремонттон кийин блоктордун кубаттуулугу 300 МВт стандарттык чекке чейин көтөрүлүшү керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.