Бишкекке жаңы автобустардын партиясы 15-августка чейин келет

Бишкекке жаңы автобустардын партиясы 15-августка чейин келет. Бул тууралуу 24 агенттигине мэриядан билдиришти. Жалпысынан 50 транспорт жеткирилиши күтүлүүдө.

 

Белгилеп кетсек, кеп Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында сатылып алынган автобустар жөнүндө болуп жатат. Жалпысынан 124 автобус алуу боюнча келишим былтыр август айында түзүлгөн.