“Балага сүйүнчү” төлөө үчүн бюджеттен 740 млн сомдон ашык каралды

Быйыл Кыргызстанда “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пулун төлөө үчүн 740 миллион сомдон ашык каралды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

 

Белгиленгендей, ар бир жаңы төрөлгөн наристеге 4 миң сомдон берилет.

 

Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда жылына 150 миңге жакын бала жарык дүйнөгө келет.