Бишкекте №215 жана №243 автобус каттамдары иштеп баштады

Бишкекте №215 жана №243 автобус каттамдары иштеп баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

 

№215 автобус Ак-Ордо конушунан Беш-Күнгөй айылына чейин барат. Каттамга 25 автобус чыгып, алардын аралыгы 8 мүнөттү түзөт.

 

Ал эми №243 автобус Жеңиш конушунан Асанбай кичи районуна чейин каттайт. Анда 30 автобус иштеп, аралыгы 7 мүнөттү түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.