Ошто кышкысын электр энергиясын колдонууда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

Ошто кышкысын электр энергиясын колдонууда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, тармакка ашыра күч келген сааттарда электр энергиясы өчүрүлүп турат.

 

Жергиликтүү бийлик жарандарды электр кубатын үнөмдүү колдонуп, жылуулук үчүн энергиянын альтернативалык булактарын колдонууга чакырат.