Бишкек шаарынын мектептеринде 496 мугалимдин орду бош. «Азаттыкка» билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, көбүнчө орус тилдүү мектептерде айрыкча так илимдер — физика, математика, биология боюнча адистер жетишсиз.
Маалыматка ылайык, шаардагы мугалимдер пенсия курагына жеткендиктен жумуштан кеткен. Ал эми аймактарда, өзгөчө айыл жергесинде бир орунга 3-4 адис табылат.
Белгиленгендей, учурда 300 педагог атайы кайра даярдоо тутумунда билим алып жатат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.