Кыргызстанда ЖРТга онлайн каттоо башталды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, ЖРТга бүтүрүүчүлөрдүн өз ыктыярынын негизинде каттоо 4-апрелге чейин жүргүзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, 2023-2024-окуу жылында 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден көп бүтүрүүчү аяктайт.