Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоо иштеринен кийин ачылды

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоо иштеринен кийин ачылды. Кеп анын Малдыбаевден Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат.

 

Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, тротуарлар жаңыртылды. Ал эми ирригациялык тармакты иретке келтирүү боюнча иштер уланууда.

 

Учурда Ахунбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр – Жукеев-Пудовкин тилкесинде оңдоо жүрүп жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.