Бишкекте асма жолдун курулушу пландалууда

Бишкекте асма жолдун курулушу пландалууда. Ордо калаа мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, анын узундугу 6 чакырымды түзөт. Канат жол Манас проспектиси боюнча Жибек Жолу проспектисинен түштүк магистралга чейин тартылат.

 

Суткасына ал 100 миң адамга чейин ташыйт. Тиешелүү макулдашуу швейцариялык компания менен жетишилди.

 

Ал эми демөөрчүлөр тарабынан 300 миң доллар бөлүндү. Учурда атайын топ долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоодо.