Бишкекте бүгүн оңдоо иштерине байланыштуу Чүй – Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши транспорт кыймылына жабылат

Бишкекте бүгүн оңдоо иштерине байланыштуу Чүй – Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши транспорт кыймылына жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Андан такташкандай, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки тилкесин капиталдык оңдоо эртең, 27-июлда башталат.

 

Ал эми учурда Чүйдүн Манас – Панфилов бөлүгү жабык.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.