Бишкекте Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 13-июндан тарта Байтик Баатыр көчөсүнүн Медеров – Горький тилкеси чектелет.
Ал эми Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев — Тыныстанов бөлүгүндө 15-июндан тарта унаа кыймылы үчүн чектөө коюлуп, жол оңдоо иштери башталат. Бул эки көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.