Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, учурда логистика боюнча Кыргызстан акыркы мамлекет болуп саналат.

 

Биздин өлкө дүйнөгө Казакстан жана Россиянын темир жолдору аркылуу чыга алат. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан каттамы ишке кириши өлкөгө чоң экономикалык пайда алып келет.

 

Алсак, башка мамлекеттер менен транспорттук байланыш түзүлөт. Андан тышкары, бул долбоордун алкагында кошумча жумуш орундары пайда болот.