Бишкекте балдар искусство мектеби пайда болот

Бишкекте балдар искусство мектеби пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, 3 кабаттуу имаратта заманбап окуу кабинеттери жайгашып, аларда ар кандай музыкалык аспаптар боюнча сабактар өтөт.

 

Алсак, балдар фортепиано, скрипка, кыяк жана башка аспаптарда ойноого үйрөнө алышат. Андан тышкары, китепкана, концерттик зал жана сактоочу жайлар каралган.