Бишкекте батир 5 жылда 78% кымбаттады

Бишкекте батир 5 жылда 78% кымбаттады. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктен маалым болду.

 

Ушул жылдын июнь айында ордо калаада батирлердин орточо баасы чарчы метрине 90 миң 400 сомду түздү. 2019-жылдын ушул мезгилинде 50 миң 700 сом болчу.

 

Кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метринин баасы алып-сатуу келишиминин негизинде болгон бүтүмдөрдөн алынат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.