Май куюучу жайлар атайын видеокамераларды орнотууга милдеттендирилиши мүмкүн

Кыргызстандагы май куюучу жайлар маалыматтарды салык кызматына реалдуу убакыт режиминде жеткирүүчү видеокамераларды орнотууга милдеттендирилиши мүмкүн.

Токтом долбоорун Экономика министрлиги талкууга алып чыкты.

Мекеме Кыргызстанда коңшу өлкөлөрдөн мыйзамсыз мунай продуктуларын ташуу уланып жатканын белгилейт.

Маалыматка ылайык, бир күндө багына 1 миң литрге чейин бензин ташылган 50гө жакын унаа кирип жатат.

Бул товар негизинен өлкөнүн түштүк аймагында сатылууда.

Экономика министрлиги Мамлекеттик салык кызматына маалыматтарды берүүчү камералардын орнотулушу мунайзат импортун эсепке алууну жана көзөмөлдү күчөтөт деп эсептейт.