Бишкекте бир катар троллейбус каттамдарынын кыймылы өзгөртүлдү

Бишкек шаарында 5-апрелден тарта бир катар троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлмөкчү.

 

Алсак, № 4 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт. №7 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча каттайт. №10 троллейбус Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты боюнча жана андан ары өзүнүн каттамы менен жүрөт.

 

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландап алууну суранат.