Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 5ке жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алар өзүн-өзү көрсөткөндөр.
Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.
Добуш берүү №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленди.