Бишкекте бир нече объект мэриянын балансына өттү

Бишкекте бир нече объект мэриянын балансына өттү. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин отурумунда кабыл алынды. Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу колдонуу, ал ордо калаанын экологиялык жана архитектуралык абалын жакшыртуу максатын көздөйт.

 

Мэриянын карамагына “Бишкек жылуулук тармагы”, Бишкек ЖЭБи жана Чыгыш автобекетинин имараты өттү.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров объектилерди өткөрүп берүү боюнча иштерди бир айдын ичинде аткарууну тапшырды.