Бишкекте борбордук көчөлөрдү оңдоо иштери качан жыйынтыктала турганы айтылды

Бишкекте борбордук көчөлөрдү оңдоо иштери качан жыйынтыктала турганы айтылды. Мэриядан такташкандай, 20-августка чейин Ахунбаев, Абдрахманов көчөлөрүн бүтүрүү пландалып жатат.

 

Чүй проспектисинде иштер 20-сентябрга чейин аяктайт деп күтүлүүдө.

 

Ал эми Жибек Жолу проспектисин калыбына келтирүү  10-15-октябрга дейре уланат. Мэрия ремонт иштери графиктен 20 күн алдыда жүрүп жатканын белгилейт.