Бишкекте Горький көчөсүн оңдоого 250 миллион сом багытталат.
Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат. Сынакты мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти жарыялады.
Ага ылайык, көчөнүн Манас проспектисинен 7-апрелге чейинки тилкеси толугу менен ремонттолот. Иштер 1-ноябрга чейин аякташы керек.