Бишкекте ири өрттөн улам 30 адам эвакуацияланды

Бишкекте ири өрттөн улам 30 адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ордо калаанын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыгып, жалын көп кабаттуу үйдүн чатырын каптаган.

 

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, бир адам куткарылды.

 

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.