Синоптиктер Чүй облусунда жана борбордо катуу шамал болорун билдиришти

Синоптиктер бүгүн түштөн кийин Чүй облусунда жана борбордо катуу шамал болорун билдиришти. Метеорологдордун айтымында, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетет. Куткаруучулар жарандардан өзгөчө этият болууну суранат.

 

Маалыматка ылайык, мындай аба ырайы кечке чейин созулат. Айдоочулар машинесин бак-дарактардын жанына токтотпошу керек.