Бишкекте эл аралык йога күнү белгиленди

Бишкек шаарында 10-эл аралык йога күнүнө карата масштабдуу иш-чара өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, майрам Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеядагы массалык йога машыгуусу жана маданий программа менен коштолду.

 

Анын алкагында шаардыктар жана борбордун меймандары байыркы физикалык жана рухий практикага кошулушту. Алар тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога көнүгүүлөрүн жасашты.

 

Иш-чара Индиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган.