Бишкекте “Түтүн” сүрөт көргөзмөсү өтөт.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө эртең, 17-январда саат 12:00дө Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылат.
Көргөзмөнүн автору Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө белгилүү фотограф, аниматор жана архитектор Шило Жекшенбаев.
Анда автордун 80 эмгеги коюлат.
Иш-чаранын максаты – борбор калаадагы абанын булганышы, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын жашоочуларынын энергетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүгү, жаңы имараттардагы өнүкпөгөн инфраструктура, ассимиляция процесси жана ички миграция сыяктуу актуалдуу көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.
Көргөзмө 3-февралга чейин уланат.