Бишкекте электр энергиясын үнөмдөө максатында тышкы жарыктандырууну фазалык өчүрүү киргизилип жатат

Бишкекте электр энергиясын үнөмдөө максатында тышкы жарыктандырууну фазалык өчүрүү киргизилип жатат.

 

Бул тууралуу ордо калаа мэриясы маалымдайт. Муниципалитеттен белгилешкендей, катуу сууктан улам электр энергиясын колдонуу максималдуу чекке жетип жатат.

 

Авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында жарнамалык такталардагы жарыктандырууну жана парк, сквер, веложолдордогу тышкы шамдарды өчүрүү чечими кабыл алынды. Мындай чектөөлөр өлкөдөгү абал турукташканга чейин сакталат.