Бишкекте эртең 3 миң 800дөн ашык абонент карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн

Бишкекте эртең 3 миң 800дөн ашык абонент карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн.

 

Ордо калаанын электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, өчүрүү эртең жүргүзүлөт.

 

Суукта жарыгы жок калбаш үчүн керектөөчүлөргө карызды бүгүн төлөө сунушталат. Ал үчүн төлөм терминалдарын жана электрондук капчыктарды колдонсо болот.