Бишкекте эртеңден тарта Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкекте эртеңден тарта Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат.

 

Мэриядан билдиришкендей, капиталдык оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында анын Чыңгыз Айтматов проспектисинен тарта Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси калыбына келтирилет.

 

Бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, бордюрлар жаңыртылат. Белгилей кетсек, Горький көчөсү Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.