Мыйзам долбооруна ылайык, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» КР мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
1) 5-берененин 1-бѳлүгү төмөнкүдөй редакциядагы жаӊы пункт менен толукталсын:
“5) “бийик тоолуктарга көмөк” — 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ар айлык жөлөкпул.”;
2) Мыйзам төмөнкүдөй редакциядагы 10-2 беренеси менен толукталсын:
“10-2 –берене. 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ар айлык жөлөкпул дайындоо
1. 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ар айлык жөлөкпул, алардын социалдык, экономикалык абалына карабастан 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүнөн кем эмес дайындалат.
2. 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ар айлык жөлөкпул алуучулар мамлекеттик жѳлѳкпүлдун башка түрүн алуу мүмкүнчүлүгүнө карабастан алууга укукту.”;
3) 11-беренеде:
— 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы “үй-бүлөгө көмөк ” деген сөздөрдөн кийин “жана 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) “бийик тоолуктарга көмөк” деген сөздөр менен толукталсын;
— 3-бөлүктөгү «үй-бүлөгө көмөк» деген сөздөрдөн кийин “жана 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) “бийик тоолуктарга көмөк” деген сөздөр менен толукталсын.